• 87.45
  • 102.16
  • 1.13

"Каракол" эл аралык аэропортунун ачылыш аземи эртеңкиге жылдырылды

Коом 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. “Каракол” эл аралык аэропортунун ачылыш аземи эртеңкиге жылдырылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов “Кабар” агенттигине билдирди.

Ал иш-чара аба ырайына байланыштуу жылдырылганын айтты.

Буга чейин “Каракол” эл аралык аэропортунун расмий ачылыш аземи президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтөрү маалымдалган.

Эске салсак, 8-декабрда “Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясынын техникалык учуусу Бишкек-Каракол каттамы боюнча аткарылган. Жакында эле Каракол шаарындагы аэропортто реконструкциялоо иштери аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий