Каракол — Эңылчек унаа жолу кар көчкү түшүп, убактылуу жабылды

Коом

Бишкек, 17.02.24. /Кабар/. Каракол — Эңылчек унаа жолу кар көчкү түшүп, убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-февралга караган түнү Каракол — Эңилчек унаа жолунун 46-километринде кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо максатында унаа жол 18-февральга чейин убактылуу жабылды.

Жеринде жолду тазалоо максатында жол тейлөө кызматынын атайы техникасы тартылды. Кар көчкүнүн көлөмү такталууда.

Ал эми ӨКМдин кызматкерлери жана атайы техникасы күчөтүлгөн тартипте нөөмөттө даяр турушат.