Кара-Сууда төлөм жүргүзүүчү терминалды уурдаган кылмыштуу топ кармалды

Укук тартиби

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Кара-Суу районунда төлөм жүргүзүүчү терминалды уурдаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрда милицияга Кара-Суу районунун Ю.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, анда ошол эле күнү болжол менен саат 02:30 чамасында Нариман айылында жайгашкан дүкөндөрдүн биринде төлөм терминалын белгисиз жарандар уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин уурдоо беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

6-сентябрда милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектелип 24 жаштагы И.Б, 27 жаштагы С.Т. аттуу жарандар кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда башка кылмыштарга катышы бар же жоктугу такталууда.

Тергөө амалдары уланууда.