Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. "Кара-Суу" базарында соодагерлер контролдук-кассалык машиналарга каршы нааразычылык акциясына чыгышты.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Кара-Суу райондук администрациясынын алдына соодагерлер митингге чыгышкан. Мититинг тынч өтүп жатат.
Анда милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөп жатышат.
Салык кызматынын кызматкерлери жана жегиликтүү бийлик өкүлдөрү чогулгандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.