Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Кара-Суу районунун Нариман айылында 120 орундуу бала бакча курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланууда.
Бала бакчанын имараты эки кабаттуу, жалпы аянты 1079 чарчы метрди түзөт. Учурда дубалы тургузулуп, чатыры жабылды.
Белгиленгендей, курулуш иштери "Араван Ремстрой" ЖЧКсы тарабынан аткарылып жатат.