Кара-Суу районунда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылды

Аймак

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Кашкар-Коттон Текстил” пахтаны кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Турусбек Ногоев жана жергиликтүү дыйкандар катышты.

Аталган ишканада жергиликтүү тургундар үчүн 80 жумушчу оруну түзүлүп, жылына 10 миң тоннага чейин чийки пахтаны кайра иштете алат.