Бишкек, 01.12.17./Кабар/. Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагындагы Тимирязова көчөсүндө жайгашкан “Жалгыз бак” мечитинен өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 1-декабрда болжол менен саат 00:04 чамасында болгон.
“Өрт өчүрүү иштерине КР ӨКМнин Ош шаардык №12 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм, №13 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм, №109 өрт-куткаруу бөлүгүнөн1 бөлүм, Штаб тартылды. Мындан сырткары РИИБнен 4 кызматкер, медициналык тез жардам кызматынан 3 кызматкер жана Ош РЭТ ишканасынан 1 бригада иштеди”,-деп айтылат маалыматта.
Билдирүүгө ылайык, жеринде өрттү өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, саат 00:47де өрт чектөөгө алынып, түнкү саат 02:48де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен мечиттин 500 чарчы метр жыгач устундуу темир жабылган чатыры жана 200 чарчы метр пластик шыбы күйгөн.
ӨКМден кабарлашкандай, учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.