Кара-Суу районунда автоунаа бакты сүзүп, эки адам каза тапты

Кырсык

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылында бүгүн, 10-сентябрда саат 00:26лар чамасында "Daewoo Nexia" унаанын айдоочусу рулду башкара албай бакты сүздү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жол кырсыгынан 25 жаштагы жигит каза болуп, 4 эркек киши жабыркаган.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, сөөктү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Дагы бир адам ооруканага жетпей көз жумганы айтылат. Жабыркагандардын баары 25 жаштагы жигиттер.