Кара-Көл жана Таш-Көмүр РЭТинин кышка даярдыгы текшерилди

Аймак

Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору Сүйүнбек Усенов баштаган жетекчилер Кара-Көл жана Таш -Көмүр РЭТине жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жетекчилер 2 күндүк иш сапарында Кара-Көл район электр тармактар ишканасынын күз-кышка даярдыгы менен таанышты. Эмгек жамаат менен пикир алышып, кампада электр жабдыктардын запасын карап чыгышты. Ошондой эле 110-6 кВ Кайыңды жана Кара-Суу көмөк чордондун күз-кышка даярдыгын дыкат текшеришти.

Андан соң Таш-Көмүр район электр тармактар ишканасында болушту. Мында "Камбар-Ата" көмөк чордонунан 16000 кВА күч трансформатору келди. Аны Шамалды-Сай 110/35-6 көмөк чордонуна түшүрүп, келерки жылы ишке киргизүү пландалды. Ошондой эле Таш-Көмүр РЭТинде күз-кышка болгон даярдыгы боюнча маалымат алышты.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө ЖЭТИнин директору Сүйүнбек Усенов жумуш ыргагында энергетиктерди кемчиликтерди кетирбөөгө чакырды. Керектөөчүлөрдүн муктаждыгын учурунда чечип, эл менен тыгыз иштөөсүн талап кылды.