Бишкек, 16.12.20. /Кабар/. Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын Труд көчөсүндөгү турак үй, дүкөн жана ашкана толук өрттөнүп кетти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоо жалпы 450 чарчы метр аянтты камтыган.
Учурда өрттүн себеби такталууда.