Бишкек, 23.09.24. /Кабар/. Бүгүн “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 35-жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кант шаарындагы К.Рыскулова атындагы №2 мектеп гимназиясында мамлекеттик тилдин үч айлыгынын ачылышына арналган иш-чара өттү.
Кант шаардык мэриясынан билдиришкедей, анда окуучулар тарабынан мамлекеттик тилдин негиздөөчүлөрү жөнүндө презентациялар жасалып, концерттик программа тартууланды.
Ошондой эле Кыргыз ССРинин эл артисти А.Жангорозованын көргөзмөсү уюштурулуп, документалдуу тасма көрсөтүлдү.