• 87.43
  • 102.54
  • 1.11

Кант шаарында эмерек цехи өрттөндү

Коом 0

Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. Кант шаарында эмерек цехи өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, Кант шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан эмерек цехи өрттөнгөн.

Өрт болжол менен саат 11:45те чыккан. Саат 13:20да өрт толук өчүрүлгөн.

Айрым маалыматтар боюнча, өрттүн аянты 90 чарчы метрди түзгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий