Кант шаарынан уурдалган 12 жашар Данил Бишкектен табылды - милиция

Кырсык

Бишкек, 11.04.19. /Кабар/. Кант шаарынан уурдалган 12 жашар Данил Браилкин Бишкектен табылды.

"Бүгүн болжол менен саат 21:30да Чүй облустук ИИБ органдарынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чарасынын жүрүшүндө баланы аман-эсен табышкан", - деп кабарлашты милициядан.

12 жашар баланы Бишкектеги гараждардын биринин жер төлөсүнөн табышкан. Окуяга шектүүлөр кармалды.

Эске сала кетсек, бүгүн, 11-апрелде болжол менен саат 09:00дө Кант шаарында өспүрүм бала уурдалгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Аталган факты боюнча тергөө-ыкчам топ түзүлүп, окуя болгон жерге барышкан. Маалым болгондой, 11-апрелде саат 8:40та Кант шаарындагы №2-кичи районунда ак түстөгү "Хонда-фит" унаасынан белгисиз адамдар чыгып, мектепке бара жаткан 12 жаштагы Б.Д., аттуу баланы уурдап кетишкен.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынды. Сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.