Кант шаарына курула турган амфитеатрдын эскиздик долбоору сунушталды

Коом

Бишкек, 13.08.24. /Кабар/. Кант шаарына курула турган амфитеатрдын эскиздик долбоору сунушталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эскиздик долбоор Чүй региналдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына караган Ысык-Ата районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын архитекторлору тарабынан иштелип чыкты.

Учурда эскиздик долбоор өз алдынча башкаруу органдарына сунушталууда.

Белгиленгендей, долбоор калкты тейлөө, паркты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында даярдалды.