Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Канатбек Азиз президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.