Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Канат Асангулов Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койгондугун министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.