Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 15-16-август күндөрү Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кыргызстандын курама командаларынын окуу-машыгуу жыйындарын, ошондой эле машыгуу өтүп жаткан жерлерде санитардык эрежелердин жана ченемдердин аткарылышын текшерип келди. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.
Ведомствонун директору Кажы-Сай айылында жөө күлүктөр менен, Тамга айылында мушкерлер менен, ал эми Чолпон-Ата шаарында дзюдо жана күрөштүн түрлөрү боюнча улуттук курама командалардын мүчөлөрү менен жолукту.
Мындан тышкары, Канат Аманкулов Каракол шаарынын ат майданында болуп, металлдык конструкцияларды өткөрүп берүү иштерин көзөмөлгө алды.