Бишкек, 18.02.21 /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссиянын башчысы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна барды. Анын баткендиктер менен жолугушуусунун видеосу Ташиевдин телеграм-каналында жарыяланган.
Видеонун авторлору билдиргендей, УКМКнын төрагасын эл аэропорттон тосуп алган.
Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев бүгүн Германиядан учуп келип, дароо эле Баткен облусуна жөнөп кеткен. Германияда Ташиевдин жүрөгүнө операция жасалган.