Кайыңды конушунда жол оңдоо иштери жүрүүдө

Коом

Бишкек, 16.09.24. /Кабар/. Кайыңды конушундагы Дорожный көчөсүндө Элебесов көчөсүнөн каналга чейинки жолду капиталдык оңдоо иштерин баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, оңдоо иштеринин алкагында жолду 7 метрге чейин кеңейтүү, ошондой эле тротуар салуу, ирригация системасын орнотуу иштери аткарылат.

Азыркы учурда жолчулар жолдун 1,1 чакырым аралыгында эски асфальтын сыйрып, жол кыртышын иштетүү боюнча жумуштарды аякташты.