Кайгуул милициясына кол көтөргөн ЖКнын кызматкери иштен алынды

Укук тартиби

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы Эрнест Молдошев кызматтан алынды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Молдошев 24-мартта кызматтан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазган.

ЖКдан кошумчалашкандай, Молдошев чыр болгонго чейин эле иштен бошотулган. Кайгуул милициясынын кызматкери менен Молдошевдин ортосундагы окуя 24нөн 25-мартка караган түнү болгон.

Укук коргоо органдарынын маалыматына таянсак, Эрнест Молдошев коменданттык саат учурунда Кайгуул милициясынын кызматкерине кол көтөргөн. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында Молдошевдин мас абалда экендиги маалымдалат.