Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. Жаныш Курбанов КРнын Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин биринчи орун басары кызматынан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.