Бишкекте балбан Каба уулу Кожомкулдун музейи ачылды

Коом

Бишкек, 06.02.19. /Кабар/. Спорт ордосунда Каба уулу Кожомкулдун элесине арналган музейдин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматы какабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чарага БШКнын төрагасынын орун басары Руслан Жакышов, туугандары, замандаштары, КР вице-спикери А. Өмүрбекова, мамлекеттик кызматкер К. Осмоналиев, чөбөрөсү Орозаалы Кожомкулов, Жогорку кеңештин депутаттары жана маданияттын кызматкерлери келишкен.

Музейде Каба уулу Кожомкулдун кийген кийимдери, колдонгон буюмдары, сүрөттөрү коюлуп көпчүлүктүн назарын бурду.