• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Көзгө кандай учурларда линза тагынбоо керек? Дарыгерден кеңеш

Ден соолук 0

Бишкек, 23.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Көп адамдар көз айнектерге караганда линзаларды тагынууну жактырышат. Бирок линза бардыгына эле ылайык келе бербейт, мында айрым адамдарга каршы келе турган көрсөтмөлөр бар. Бул ирет биз көзгө линзаларды кандай учурларда тагынууга болбой тургандыгын тизмектеп, дарыгерлердин кеп-кеңештерин сунуштайбыз.

Офтальмологдор линзаны көздүн сезгенүү ооруларында, мисалы, конъюнктивит, кератит, блефарит маалында тагынууга болбой тургандыгын белгилешет. Ошондой эле дарыгерлер көздүн анатомиялык өзгөчөлүктөрүн да эске алуу керектигин айтышат. Мындан тышкары, линзаларды көз жашынын бузулушунда тагынууга каршы көрсөтмөлөр бар.

Линзаларды кант диабети, астма, кургак учук, ВИЧ жана психикалык ооруларга чалдыккандарга кийүүгө болбойт.

Дарыгерлер курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо учурунда линза тагынуудан баш тартып туруу зарылдыгын эскертишет. Сасык тумоо жеңил формада, симптомдору жок жана температурасы төмөн болсо да, линза тагынууга болбойт.

Ошол эле маалда герпестик инфекция жана курч гайморит күчөгөндө линзаларды кийүүдөн кармануу сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий