Күркө, жарнама. Бишкекте дагы кайсы мыйзамсыз объектилер алынды?

Коом

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте мыйзамсыз курулуштарды бузууну улантууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Ак-Босого» конушунда Чуй-30 көчөсүндө вагон түрүндөгү жеңил типтеги объектти алынды. "Логвиненко жана Токтогул көчөлөрүндө мыйзамсыз орнотулган күркө, түшүндүрүү иштеринен кийин Айтиев көчөсүндө тосмолор алынды",-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары,Ю “Ак-Ордо” конушунда жарнамалык конструкциялар, Умөталиев, Токтогул, Москва, Кулиев, Лев Толствой, Панфилов, Раззаков көчөлөрундө жана Жаш Гвардия бульварыныда 50дөн ашык мыйзамсыз жарнамалык конструкциялар демонтаждалды. Ал эми үй ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.