Бишкектин Көлмө конушундагы объектилердин мыйзамдуулугу текшерилет

Коом

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Бишкектин Көлмө жаңы конушундагы муниципалдык аймактагы объектилердин мыйзамдуулугу текшерилет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Биринчи май районунун башчысы Мурат Осмонов "Бишкекбашкыархитектура" ишканасынын, Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын, Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин жана №14 МАБнын өкүлдөрү менен биргеликте жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жолугушуу Республика жана Мидин көчөлөрүнүн кесилишинде өтүп, документтер менен таанышып, жөө кыдырып текшеришти.

Жыйынтыгында Мидин, Мыскал, Козу-Баглан, Республика жана Алтын-Бешик көчөлөрү менен чектешкен аянттагы ар бир участоктун бардык документтерин дыкат иликтеп, колдонуудагы объекттердин мыйзамдуулугу, ошондой эле жер участокторун ижарага берүү боюнча аныктоо тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, аким №13 аймактык милиция бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен таанышып, конуштагы коомдук-саясий кырдаал боюнча маалымат алды.

Андан соң, №78 мектептин жанындагы Теңдик көчөсүнө спорт зал куруу маселесин талкууланды. Учурда спорт зал ачуу пландалып жаткан имарат гана бош турат.

Жыйынтыгында протокол түзүлүп, райондук кызматтарга жөнөтүлдү. Бул багытта текшерүү иштери уланууда.