Көл-Суу көлүнүн коопсуздугу жана экологиясы текшерилди

Аймак

Бишкек, 17.01.25. /Кабар/. Күн мурун Нарындын Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан атайын түзүлгөн комиссия Ак-Сай өрөөнүндөгү Көл-Суу көлүнүн абалын текшеришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө аталган өрөөндүн Көк-Кыя тилкесинде иштеп жаткан "Медер Ютком" туристтерди тосуучу мейманкана ээсине өрт коопсуздугу, экологиялык техникалык эрежелери, айлана-чөйрөнү, суу ресурстарын коргоо, көлдү таза кармоону түшүндүрүлдү.

Ошондой эле Көл-Суу көлүндөгү муз үстүнө күйүүчү май тамбагандыгы, резина калдыктары калбагандыгы, ошондой эле экологияга жана айлана-чөйрөдө терс таасир тийбегендиги аныкталган. Комиссия мүчөлөрү Көл-Суу көлүнө унаалардын кирүүсүнө, муз бетинде унаа айдоого тыюу салып, толук көзөмөлгө алынарын чечишти.

Белгилей кетсек, жакынкы күндөрү интернет булактарында муз үстүндө коопсуздук эрежелерин сактабастан, унаа айдаган видео тараган.