Көк-Жарда 2 жашар бала ур-токмоктон каза болгон. Шектүү катары энеси, анын жарандык жолдошу кармалды

Укук тартиби

Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. Аламүдүн районунда 2 жаштагы баланын өмүрүн кыюуга шектелип, энеси жана анын жарандык жолдошу кармалды.

Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, 28-сентябрда Аламүдүн райондук милициясына 2021-жылы туулган С.А. аттуу бала белгисиз себептер менен каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя орун алган Аламүдүн районунун Көк-Жар жаңы конушуна ыкчам-тергөө тобу барган учурда, 2021-жылы туулган С.А. аттуу баланын жансыз денеси ар кандай ур-соккудан пайда болгон көк-алалары менен табылган.

Факт Аламүдүн РИИБине катталып, КР КЖКнин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, каза болгон баланын денесине ар кандай оор жаракаттар келтирилгени, боору жарылганы, денесинде күйүктөр аныкталган.

Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектелип, баланын энеси, 23 жаштагы К.А. жана анын жарандык жолдошу, 27 жаштагы М.А.А. аттуу чет мамлекеттин жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.