Көкөмеренге кулаган унаа: Чүй облусунун аппарат башчысынын жана айдоочусунун сөөгү табылды

Кырсык

Бишкек, 03.07.19. /Кабар/. Көкөмерен суусунан эки кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Эскерте кетсек, 30-июнь күнү болжол менен саат 10:00дө Көкөмерен суусуна унаа түшүп кеткендиги тууралуу кабарланган. Ал унаада Чүй облусунун аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен болгону айтылган. Унаада беш адам - 4 киши жана 1 бала болгон.

Кечээ, саат 17:20да айдоочунун денеси табылган. Болжол менен саат 20:00дө Арал айылынан 12 чакырым алыс жерде Чүй облусунун аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин сөөгү табылган.

Маркумдардын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Издөө иштерине 98 куткаруучу жана 20 киши тартылган.