Көкөмерен дарыясына түшүп кеткен бала табыла элек - ӨКМ

Кырсык

Бишкек, 12.12.18. Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районундагы Көкөмерен дарыясына түшүп кеткен 2009-жылы туулган К.Б., атту бала табыла элек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, үстүбүздөгү жылдын 7-декабрында болжол менен саат 14:00дөр чамасында бала дарыяга түшүп кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Баланы издөө үчүн 10дон ашык адам тартылган, бирок азырынча эч кандай натыйжа жок.

ӨКМден издөө иштери бүгүн улантыла тургандыктарын кошумчалашты.