Көгүлтүр оттун баасы июль айында 1 кубометрге 14,31 сом болду

Коом

Бишкек, 02.07.18. /Кабар/. Республиканын калкы үчүн жаратылыш газынын 2018-жылдын июль айына болгон тарифи – 1 кубометр үчүн 14,31 сомду түздү. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өндүрүш ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар бир кубометр газ үчүн 17,55 сом төлөшөт.