Бишкек, 28.11.18 /Кабар/. Кыргызстанда көп учурда үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы үй-бүлөнүн аялуу мүчөлөрү болушат - булар балдар, карылар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана аялдар. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, изилдөөлөр көрсөткөндөй, үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарынын 97 пайызы - аялдар, 30 пайыз балдар үй-бүлөдөгү физикалык зомбулуктан жабыркашат жана сурамжылоого катышкандардын 71 пайызы үй-бүлөдөгү карыларга карата зомбулук тууралуу айтышкан.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги башка мамлекеттик органдар менен биргеликте 3 жылдан бери үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча мыйзамды жакшыртуу боюнча иш жүргүзүүдө.
2017-жылы 27-апрелде "Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жөнүндө", "Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" 2 мыйзам кабыл алынган жана башка 10 мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөр киргизилген.
Эл аралык жана улуттук эксперттердин катышуусунда өтө турган тегерек үстөлдө эл аралык стандарттардын позициясынан аталган документтерди анализдөө пландалууда.