Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда ушул жылдын 13-мартынан 17-мартына чейинки аралыкта "Нелегал" ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө издөөдө жүргөн 19 адам кармалган.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ошондой эле экстремизмге каршы аракеттенүү багыты боюнча кылмыштын 7 фактысы, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү багыты боюнча кылмыштын 1 фактысы, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн 1 факты аныкталып, 15 ок атуучу курал табылып алынган.
Белгилей кетсек, "Нелегал" ыкчам-алдын алуу иш-чарасы Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан өткөрүлгөн. Анын максаты мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү, миграциялык мыйзамдарды бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу болуп саналат.