"Ювентус" клубу "Романы" жеңип, Италиянын кубогунун жарым финалына өттү

Спорт

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 23-январда футбол боюнча Италиянын кубогунун чейрек финалында "Ювентус" клубу менен "Рома" командалары беттеш өткөрдү.

"Альянц — Ювентус" стадионунда өткөн оюнда "Ювентус" атаандашын 3:1 эсебинде утуп алды.

Беттештин 26-мүнөтүндө эсепти "Ювентустун" чабуулчусу Криштиану Роналду ачты. Көп өтпөй Родриго Бентанкур жана Леонардо Бонуччи эсепти 3:0гө өзгөрттү. Оюндун 50-мүнөтүндө "Ювентустун" дарбазачысы Жанлуиджи Буффон өзүнүн дарбазасына гол киргизип алды.

Оюндан кийин "Ювентус" Италиянын кубогунун жарым финалына өттү. Жарым финалда "Милан" менен "Торино" командаларынын жеңүүчүсү менен оюн өткөрөт.