Ислам шериктештиги оюндары. Мээрим Жуманазарова алтын медаль утту

Спорт

Бишкек, 13.08.22. /Кабар/. Түркияда өтуп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында Мээрим Жуманазарова алтын медаль утуп алды.

Финалдык беттеште Жуманазарова казакстандык спортчуну жеңди.

Буга чейин ал Бангладеш, Түркия, Өзбекстан жана жарым финалда Түркмөнстандын спортчуларын жеңген.