Искендер Асылкулов мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты

Бишкек, 6-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-мартта кол койгон буйрукка ылайык, Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.