• 87.02
  • 95.29
  • 1.05

Исаков кыргыз-өзбек чек арасында болгон окуяны дыкат териштирүү тапшырмасын берди

Өкмөт 0

Бишкек, 07.04.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков тийиштүү ведомстволорго чек арадагы өзбек тараптын катышуусунда болгон окуяга дыкат териштирүү жүргүзүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак бүгүн, 7-апрелде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Кербен заставасынын тилкесинде белгисиз себептерден өзбек чек арачылары КР жаранына ок чыгарган.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча кырсыктан кийин 1984-жылы туулган КРНын М.Ф.М., аттуу жараны каза болгон.

Жерине ыкчам топ жөнөп кетти. Тийиштүү кызматтар окуянын себептерин жана жагдайларын изилдеп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий