• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Бишкектин Исакеев көчөсү жарыктандырылды

Коом 0

Бишкек, 19.08.23. /Кабар/. Бишкектин Исакеев көчөсү жарыктандырылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Исакеев көчөсүнүн Виноградный көчөсүнөн Чолпон-Ата көчөсүнө чейинки бөлүгүнө 14 светодиоддук чырак жана ошондой эле сандагы кронштейндер орнотулуп, 730 метр СИП аба электр чубалгылары (өзүн-өзү алып жүрүүчү изоляцияланган зым) тартылды.

Бул багыттагы иштер улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий