Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. Инстаграмда түз эфирде унаасын жогорку ылдамдыкта айдаган 24 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Мерседес-Бенц" унаанын айдоочусу видеодо көрүнүп тургандай жол эрежесин бир нече ирет бузган.
Айдоочуну милициянын кайгуул кызматкерлери издеп таап, өздүгүн аныкташкан. 24 жаштагы У.М. аттуу айдоочуга карата Бузуулар жөнүндө кодексинин беренелери боюнча 3 протокол түзүлгөн. Ага жалпысынан 16 миң сомго айып салынды.
Ошондой эле айдоочуга карата мындай жоруктарга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырат.