Бишкек, 31-март /Кабар/. Индонезиянын Сулавеси аралында гигант питон 25 жаштагы жигитти жутуп алган. Бул тууралуу Daily Mail билдирди.
Маалымат боюнча, 25 жаштагы Акбар Салубиро (Akbar Salubiro) 26-мартта дайынсыз жоголгон. Эртеси буга тынчсызданган айылдаштары аны издешип, Акбардын үйүнүн короосунан шишиги бар 7 метрлик питонду табышкан. Алар жыландын ичин жарышып, Салубиронун денесин алып чыгышкан.
Айыл тургундарынын айтымында, кечинде пальма багынан кыйкырыктар чыгып басылган. Ал эми маркумдун аялы жолдошу тууралуу сыналгыдан көрүп калган.