Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. Индиянын Гархва районунда болгон чагылгандан 9 адам каза болуп, 23ү жабыркаганын Hindustan Times гезити жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Индиянын чыгышындагы Джаркханд штатынын бийлиги каза болгондордун туугандарына компенсация төлөп берүүнү жана жабыркагандарга керектүү дары-дармек алып берүүнү убадалады.
Эскерте кетсек, ушул жылдын июль айында Джаркханд штатындагы чагылгандын кесепетинен 12 каза болгондугу айтылган. Ошондой эле, коңшу Бихар штатындагы кырсыктан 39 адам мүрт кеткен.