Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Айыл жергесиндеги товар өндүрүүчүлөрдүн көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында импорттолуучу бир катар мөмө-жемиштердин көчөттөрү кошумча нарк салыгынан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы токтому менен отургузуу үчүн арналган көчөттөр, калемчелер, алма багы, алмурут, кара өрүк, алча, чие, шабдаалы, өрүк, гилас, кожогат, карагат, малина, жүзүм, жаңгак, мисте импортко кошумча нарк салыгынан бошотулган.