Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. “Империя пиццы” кафелеринин бардык тармактары массалык ууланууга байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев билдирди.
Анын айтымында, кафе тармактарында массалык ууланууга байланыштуу эпидемиологиялык иликтөөнүн алкагында текшерүү жүрүп жатат.
Эске сала кетсек, 25-октябрда саат 7:30да Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамактан ууланып, медициналык жардам сурап кайрылгандардын жалпы саны 85 адам болгон.
Кечээ “Империя пиццанын” кафелеринен ролл жеп ууланган 12 адам тууралуу айтылган.