ИИМ: Милиция кызматкерлери массалык башаламандыкка жол берген жок

Коом

Бишкек, 09.08.19. /Кабар/. Милиция кызматкерлери массалык башаламандыкка жол берген жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМден белгилешкендей, милиция кызматкерлери, түндө коомдук тартипти бузуп, жолду тосуп, бейбаштык кылып, Бишкектеги коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга аракет кылган А. Атамбаевдин тарапташтарын таратышкан.

"Буга байланыштуу милиция кызматкерлери А. Атамбаевдин тарапташтарын таратуу үчүн атайын каражаттарды колдонушкан", - деп билдирет ИИМ.

ИИМ учурда борбор калаадагы кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылган уюштуруучуларды аныктоо жана кармоо боюнча иштер жүрүп жатканын белгилейт.

Шаардагы кырдаал толук бойдон милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.