ИИМ диний-экстремисттик уюмдун активдүү лидерлерин жана мүчөлөрүн кармады

Укук тартиби

Бишкек, 17.05.24. /Кабар/. Ички иштер министрлиги ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун активдүү лидерлерин жана мүчөлөрүн кармады.

Ведомстводон маалымдашкандай, буга чейин Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы КР Кылмыш-жаза кодексинин"Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси боюнча кылмыш ишин тергеп келген.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында "Экстремист" аталыштагы иш-чара өткөрүлүп, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана анын Чүй ОИИББдин кызматкерлери Бишкек шаары, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймагында жашаган "Хизб ут-Тахрир Аль Ислами" ДЭУнун активдүү лидерлеринин жана мүчөлөрүнүн даректеринде тинтүү иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Натыйжада ар кандай экстремисттик мазмундагы материалдар, уюлдук телефондор, электрондук жабдыктар алынып, аталган диний экстремисттик уюмдун активдүү 4 лидери жана мүчөлөрү кармалып, камакка алынды.

Азыркы учурда алынган далил буюмдар боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, кошумча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

ИИМ диний экстремисттик агымдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча иштерди улантат.