ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов эки айга камакка алынды

Укук тартиби

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Биринчи май райондук сотунун 28-январдагы чечимине ылайык, Асановго карата камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалып алынды. Ал 2021-жылдын 26-мартына чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 абагында болот.

Эскерте кетсек, буга чейин Курсан Асанов 5-9-октябрь күндөрү Бишкекте болгон массалык башаламандык ишинин алкагында кармалып, соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Кийинчерээк ал ИИМдин имаратын басып алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка чакырылганы кабарланган.