ИИМ башчысынын эки орун басары кызматтан бошотулду

Кадр саясаты

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басарлары Алмаз Орозалиев жана Памир Асанов кызматтан бошотулду.

Министрликтен билдиришкендей, министрдин жаңы орун басарлары дайындалды. Орозалиевдин ордуна Октябрь Урмамбетов, Асановдун ордуна Эркебек Аширходжаев келди.