Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Мажбурлап алып келүү боюнча биргелешкен иш-аракеттердин натыйжасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрилигинен расмий түрдө билдиришти.
"2019-жылдын 8-августунда милиция кызматкерлери КР УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-аракеттердин жыйынтыгында Атамбаев А.Ш., кармалды", - деп айтылат маалыматта.
ИИМден кабарлашкандай, ыкчам-тергөө иш-чарасын жүргүзүүдөн эч ким каза болгон жок.
Атайын операцияны ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев жана анын орун басары, милициянын полковниги Алмаз Орозалиев жеринде жетектешкен.
Кармоо учурунда каза болгондор жок.