Японияда 800 миңге жакын адам пляждарды пластик таштандылардан тазалоо акциясына катышат

Дүйнө

Бишкек. 31.05.19 /Кабар/. Японияда 30-майда пляждарды жана чоң суулардын жээктерин пластик таштандылардан тазалоо бир жумалык акциясы башталды. Бул иш-чараны өлкөнүн Айлана чөйрөнү коргоо жана "Ниппон" фонду биргеликте биринчи жолу өткөрүүдө.

Акция 8-июнга чейин уланып, 2000 жакын жерлерде уюштурулмакчы. Ага болжол менен 800 миң адам катышары күтүлүүдө, - деп жазат euronews.com.

Йошиаки Харада, Айлана чөйрөнү коргоо министри Фудзисава шаарында өткөн акцияга катышты. Анын пикиринде, Япониянын тургундары пластик баштыктарын жана буюмдарын жеке турмушунда азыраак колдонуп калар деп ишенет.