Бишкек, 16.07.21. /Мээрим Болотбекова – Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан курман болгон 12 жаштагы Мадина Рахматжанованын элесине арналган “Керемет жамгыр” аттуу китеп жарык көрүп, 1 миң нускада жана кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыкты. Китептин автору жазуучу Талантбек Шабиев.
“Кабар” агенттигинин кабарчысы Мээрим Болотбекова китептин жаралуу тарыхы жана калемгердин чыгармачылыгы тууралуу кеңири баяндап берет.