Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Күн мурун Энергетика министрлиги ири ГЭСтердин иштешин, жаңыланган гидроагрегаттар жана электр энергиясын өндүрүү процессин көрүүнү каалагандар үчүн бекер экскурсия уюштурду.
Ведомстводон маалымдашкандай, экскурсияга Жалпыга маалымадоо каражаттары, эксперттер, энергетиктер, блогерлер, активисттер, мугалимдер, волонтерлор, компания жетекчилери жана жөнөкөй жарандар, айтканда энергетика тармагына кызыккандар барышты.
Жалпысынан алганда 100гө чукул адам барды. Дагы кызып, катталууну каалганар арбыды, бирок ГЭСтер өлкөнүн стратегиялык обьектилери болгондуктан, жарандардын коопсуздугун эске алуу менен чектелүү гана адамдарды киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Экскурсиянын катышуучулары:
1. Камбар-Ата-2 ГЭСинин ички жана сырткы көрүнүшү, №2-гидроагрегатын ишке киргизүү үчүн кайрадан конкурстук өткөрүлгөндүгү, конкурстук сунуштарды баалоо боюнча отчеттор Консультант тарабынан даярдалып, Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондуна макулдашууга жөнөтүлгөндүгү тууралуу маалымат алышты. Учурда аткарылып жаткан иштер, алдыдагы пландар тууралуу маалымат алышты.
2. Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга болгон даярдык иштеринин жүрүшү, аткарылып жаткан иштери, салынып жана бетондолуп жаткан жолдор, жумушчулар үчүн курулуп жаткан шаарча, тартылып жаткан аба чубалгылары, курулуп жаткан көпүрө, казылып бүткөн туннель, ГЭСтин курула турган жери, курулгандан кийинки электр энергиясын өндүрүүгө болгон пландык иштер тууралуу жеринде маалымат алышты.
Кылым долбоору болгон Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга болгон даярдык иштери аяктоо алдында турат. ГЭСти куруу долбоорунун 2014-жылы иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздемесин актуалдаштырууга сынак өткөрүлүп, аткаруучу менен келишим түзүлүп, иштер аткарылууда. Бүгүнкү күнгө карата ГЭСтин плотинасынын тиби аныкталды. Өкмөт тарабынан 1,5 млрд сом бөлүнгөн. Анын ичинен курулуш иштерине 1,4 млрд сом каралган. Калган суммасы долбоорлоо иштерине жумшалды.
Долбоорду ишке ашырууга Дүйнөлүк банк тарабынан мурда бөлүнгөн 5 млн долларга кошумча дагы 13,6 млн доллар бөлүнүп берилди. Дүйнөлүк банк тарабынан дагы үч мамлекетке (Кыргызстан. Казакстан, Өзбекстан) 1,5 млрд доллар бөлүп берүү маселеси каралууда.
3. Токтогул ГЭСне кирип, жаңыланган гидроагрегаттарды көрүп, ГЭСтин иштөө процесси, электр энергиясынын өндүрүлүү жолдору, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жана анын энергетикадагы ролу тууралуу маалымат алышты.
Мындан тышкары, энергетика министри Таалайбек Ибраевден жана тийиштүү жетекчилер тарабынан энергетиктердин калк үчүн кылган кызматы, айлык маянасы, жумуш графиги, энергетика тармагында аткарылып жаткан иштер, алдыдагы пландары, энергетикалык тартыштык, тариф, алтернативдүү булактар боюнча берилген суроолорго факты менен жооптор берилди.
Экскурсиянын катышуучулары ГЭСтерди көрүп, кызыгуулары артып, бул мүмкүнчүлүктү түзүп берген Энергетика министрлигине ыразычылыктарын айтып, позитив маанайда ийгиликтүү барып келишти.
Пикир
Оставить комментарий